09

Май

2019

РФ Өкмөтүнүн Төрагасы Дмитрий Медведев КР Премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиевди Жеңиш күнү менен куттуктады

Россия Федерациясынын Өкмөтүнүн Төрагасы Дмитрий Медведев Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиевди Улуу Ата Мекендик согуштагы Жеңиштин 74 жылдыгы менен куттуктады.

Куттуктоо телеграммасында төмөнкүдөй белгиленет:

«Бул күндөрү биз аталарыбыздын жана чоң аталарыбыздын жашоо укугу жана келечек муундун эркиндиги үчүн улутчулдук менен кармаштагы эрдигин ыраазычылык менен эскеребиз. Согуш талаасында бекемделген достук жана боордоштук россия-кыргыз шериктештигинин жана стратегиялык өнөктөштүгүнүн пайдубалы катары кызмат өтөйт. Мындан ары карай да ушундай болот деп ишенем».

Ошондой эле Дмитрий Медведев Кыргызстанда жашаган ардагерлерди жана тылдын эмгекчилерин куттуктап, аларга бакубат жашоо, бакыт жана узак өмүр каалады.

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын

маалыматтык камсыздоо бөлүмү