09

Май

2018

РФ Өкмөтүнүн Төрагасы Дмитрий Медведев Мухаммедкалый Абылгазиевди Улуу Ата Мекендик согуштагы Жеңиштин 73 жылдыгы менен куттуктады

Россия Федерациясынын Өкмөтүнүн Төрагасы Дмитрий Медведев Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиевди 1941-1945-жылкы Улуу Ата Мекендик согуштагы Жеңиштин 73 жылдыгы менен куттуктады.

Куттуктоодо төмөнкүлөр айтылат:

«Ушул майрам күнү биз нацизмге каршы күрөшкөн, келечек муундун жашоого жана эркиндикке карата укугун коргогон аталарыбыздын, чоң аталарыбыздын эрдигин эске салабыз. Согуш талааларында чыңалган достугубуз россия-кыргыз стратегиялык өнөктөштүгү жана союздаштыгы, ошондой эле евразиялык мейкиндиктин интеграциялык мүмкүнчүлүгүн өнүктүрүү үчүн ишенимдүү пайдубал катары кызмат кылат».

Кыргыз Республикасынын

Өкмөтүнүн Аппаратынын коомчулук жана

ЖМК менен байланыш боюнча бөлүмү