31

Декабрь

2018

РФ Өкмөтүнүн Төрагасы Дмитрий Медведев Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиевди Жаңы жылы менен куттуктады

Россия Федерациясынын Өкмөтүнүн Төрагасы Дмитрий Медведев Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиевди Жаңы жылы менен куттуктады. 

Куттуктоодо төмөнкүдөй айтылат:

«Өтүп бара жаткан жылы Россия жана Кыргызстанды байланыштырган достук өнөктөштүк жана биримдик мамилелер ийгиликтүү өнүккөнү белгиленет. Соода-экономикалык жана инвестициялык кызматташуу динамикалуу түрдө өнүгүүдө. Ири инфраструктуралык жана гуманитардык долбоорлорду ишке ашыруу уланып жатат. Евразия экономикалык бирлигинин алкагындагы интеграция тереңдөөдө. Иш жүзүндөгү жалпы өз ара аракеттешүүнүн мындан аркы өсүүсү Россия жана Кыргызстандын кызыкчылыктарына жооп берет деп ишенем. Күн тартибиндеги негизги маселелер боюнча кыргыз өнөктөштөр менен активдүү иштерди улантууга даярбыз».

[su_carousel source="media: 127807" link="image" title="no"][su_carousel source="media: 124252,124253,124254" link="attachment" title="no"]Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри Алтынай Өмүрбекова Жалал-Абад жана Ош облусуна жумушчу сапары менен барды. Алтынай Өмүрбекова бир катар социалдык объектилердин иши менен таанышып, Ош облусунун Кара-Суу районунун Кызыл-Ордо айылындагы орто мектептин, ошондой эле Өзгөн шаарындагы Таштак аймагындагы балдар бакчасынын ачылышына катышты. Вице-премьер-министр баса белгилегендей, Өкмөт аймактарды өнүктүрүүгө өзгөчө көңүл бурат жана социалдык объектилерди куруу жана оңдоо иштерин улантууга ниеттенүүдө. Ал ырастагандай, Кыргыз Республикасынын Президенти С.Ш.Жээнбеков тарабынан Аймактарды өнүктүрүү жылы катары жарыялоонун алкагында кошумча жумуш орундарын түзгөн аймактарды социалдык-экономикалык өнүктүрүүгө кластердик мамилени киргизүү [/su_carousel]  

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын

маалыматтык камсыздоо бөлүмү