18
Июнь
Россия Федерациясынын Өкмөтүнүн Төрагасы Михаил Мишустин Кубатбек Бороновду Кыргыз Республикасынын Премьер-министри кызматына дайындалышы менен куттуктады
Россия Федерациясынын Өкмөтүнүн Төрагасы Михаил Мишустин Кыргыз Республикасынын Премьер-министри кызматына дайындалышына байланыштуу Кубатбек Бороновго куттуктоо катын жиберди.
Ал белгилегендей, Россия жана Кыргыз Республикасын достук, өнөктөштүк жана союздаштык мамилелер байланыштырып турат.
«Соода-экономикалык, инвестициялык, илимий-техникалык жана маданий-гуманитардык кызматташуу ийгиликтүү өнүгүүдө. Энергетика, өнөр жай, жогорку технологиялар жана башка тармактарда келечектүү долбоорлор ишке ашырылып жатат. 2020-жылы Россиянын Кыргызстандагы жана Кыргызстандын Россиядагы кайчылаш жылын өткөрүү эки жактуу алакалардын мындан аркы бекемделишин шарттайт деп ишенем.
Өкмөттүк багытта кызматташууну мындан ары да өнүктүрүү, Евразия экономикалык бирлигинин жана Көз карандысыз Мамлекеттердин Шериктештигинин алкагында интеграциялык өз ара аракеттенүүнү кеңейтүү маанилүү», - деп белгиленген катта.
Өкмөттүн Төрагасы Михаил Мишустин Премьер-министр Кубатбек Бороновго чың ден соолук, бакубатчылык жана жооптуу ишмердүүлүгүнө ийгиликтерди каалады.