31

Август

2018

Россия Өкмөтүнүн Төрагасы Дмитрий Медведев Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиевди Эгемендүүлүк күнү менен куттуктады

Россия Федерациясынын Өкмөтүнүн Төрагасы Дмитрий Медведев Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиевди Кыргыз Республикасынын Эгемендүүлүк күнү менен куттуктады. «Достук, өнөктөштүк жана биримдик принциптерине негизделген россия-кыргыз мамилелери бир катар багыттар боюнча өнүгүүдө. Эки тараптуу соода-экономикалык жана инвестициялык кызматташтык чыңдалууда. Энергетика, өнөр-жай, илим жана маданият тармагында биргелешкен долборлор ишке ашырылууда. Евразиялык экономикалык биримдик алкагындагы интеграциялык өз-ара аракеттешүү терендетилүүдө. Практикалык кооперацияны мындан ары карай кеңейтүү, ар кыл багыттардагы жаңы өз-ара пайдалуу демилгелерди алга карай жылдыруу эки өлкөнүн узак мөөнөттүү кызыкчылыктарына дал келет деп ишенем», - деп айтылат куттуктоо телеграммасында. Россия Өкмөтүнүн Төрагасы Дмитрий Медведев Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиевге чың ден-соолук, жоопкерчиликтүү ишиндеги ийгиликтерди, ал эми Кыргыз Республикасынын жалпы жарандарына бакубаттуулукту жана гүлдөп-өнүгүүнү каалады.

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмү