20
Январь
2019
Россия Өкмөтүнүн Төрагасы Дмитрий Медведев телефон аркылуу Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиевди туулган күнү менен куттуктады
Россия Федерациясынын Өкмөтүнүн Төрагасы Дмитрий Медведев бүгүн, 20-январда, телефондук сүйлөшүүдө Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиевди туулган күнү менен куттуктады.
Россиялык Өкмөт башчысы Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиевге бекем ден соолук жана мамлекеттик ишмердигине ийгиликтерди каалады.
Эки өлкөнүн Өкмөт башчылары ошондой эле кыргыз-россия кызматташтыгынын актуалдуу маселелерин жана мындан аркы өз ара аракеттешүүнүн көп багыттуу келечегин талкуулашты. [su_carousel source="media: 128105" link="image" title="no"][su_carousel source="media: 124252,124253,124254" link="attachment" title="no"]Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри Алтынай Өмүрбекова Жалал-Абад жана Ош облусуна жумушчу сапары менен барды. Алтынай Өмүрбекова бир катар социалдык объектилердин иши менен таанышып, Ош облусунун Кара-Суу районунун Кызыл-Ордо айылындагы орто мектептин, ошондой эле Өзгөн шаарындагы Таштак аймагындагы балдар бакчасынын ачылышына катышты. Вице-премьер-министр баса белгилегендей, Өкмөт аймактарды өнүктүрүүгө өзгөчө көңүл бурат жана социалдык объектилерди куруу жана оңдоо иштерин улантууга ниеттенүүдө. Ал ырастагандай, Кыргыз Республикасынын Президенти С.Ш.Жээнбеков тарабынан Аймактарды өнүктүрүү жылы катары жарыялоонун алкагында кошумча жумуш орундарын түзгөн аймактарды социалдык-экономикалык өнүктүрүүгө кластердик мамилени киргизүү [/su_carousel]Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмү