28
Январь
2012
Бүгүн, 27-январда, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын жетекчиси –министри Төрөгул Беков региондун 2011-жылдагы социалдык-экономикалык жыйынтыгын чыгарууга арналган коллегиясына катышты.
Төрөгул Беков Чүй областык мамлекеттик администрациясынын кызматкерлери менен региондун активдеринин алдына чыгып, Чүй областы республиканын облустарынын арасынан бардык чарба тармактары боюнча алдыда тура тургандыгын белгиледи.
“2011-жылдагы өнөр жай өндүрүшүнүн көлөмү 2010-жылдын жыйынтыгына салыштырмалуу 17 млрд. 446,5 млн. сомго өсүп, 64 млрд. 555,8 млн. сомду түздү. Өткөн жылдагы айыл чарба дүң продукциясы 37258,7 млн. сомду түзгөн. 2011-жылы регион боюнча мамлекеттик бюджетте көрсөтүлгөн пландан 2 627 953,0 миң сомго же 100,1% топтолгон.
Облустун калкынын ишкерлик ишмердүүлүгүн өнүктүрүү үчүн 36 483 кредит жана 0 458,3 млн. сомдук микрокредит берилип, 2010-жылга салыштырмалуу 808,2 млн. сомго же 32,7%га көбөйгөн”, - деди Т.Беков.
Андан кийин Т.Беков коомчулукта кызуу талкууга алынып жаткан энергетика тармагындагы маселелерге көңүл бурду.
“2011-жыл боюнча Чүй областында электр энергиясы 2010 жылга салыштырмалуу 482,3 млн. кВт саатка көп берилген. Бул жааттагы жалпы жоготуу 543,68 кВт саатты түзгөн. же 22,79% болсо, 2010 жылы 24,5%ды түзгөн. Коммерциялык жоготуулар 4,21% болсо, 2010 жылы 8,45% болуп, техникалык жоготуулар 2010-жылга салыштырмалуу 1,7%га азайган. Энергосистемасындагы оор кырдаалга байланыштуу биз энергия үнөөмдөөчү ресурстарга өтүүбүз зарыл”, - деди Т.Беков.
Т.Беков айыл чарба тармагынын маселелерине өзгөчө көңүл бөлдү. “Кант кызылчасынын фабрикалык үрөнү менен камсыз кылуу негизги көйгөйлүү маселе. 2012-жылдагы кант кызылчасынын түшүмү үчүн Чүй областына 51 тонна үрөн керек. Бүгүнкү күндө областа 20 тонна бар башкача айтканда болгону 39%. Муну менен бирге кичи чарбаларды бириктирип түзүү жай болуп, саны 40ка жетти. Бажы маселелери Чүй областынын тышкы соода байланышына залакасын тийгизди. 2011-жылдын январь-ноябрь айларында тышкы соода 335 млн. АКШ доллар түзгөн. Бул 2010-жылга салыштырмалуу 76,2 млн. долларга азайган. Экспорттук азайуунун көлөмү 135,5 млн. долларды түзгөн. Бул жылы жакшы ийгиликтерге жетиш үчүн бардык чараларды колдонуш керек”, - деди Т.Беков.
Т.Беков “Стабилдүүлүк жана бакубат жашоо” программасына да кыскача токтолду.
“Бул программа Өкмөттүн иш максаттарын жана чечүүчү негизги чараларын аныктайт. Программа коомдук кызыкчылыгын чагылдырган өзгөчө принциптер менен иштелип чыккан. Өкмөт бул программанын ишке ашыруунун саясий жоопкерчилигин алат. Өкмөттүн “Стабилдүүлүк жана бакубат жашоо” программасы эки бөлүктөн турат. “100 күндүк” аткарыла турган иштердин планы жана жыл аягына чейин аткарыла турган базалык программа. Өзгөчө белгилей кетчү нерсе, Өкмөттүн жыйынында, жергиликтүү мамлекеттик администрация жетекчилерин шыктандыруу чечими кабыл алынган. “Эң мыкты область” категориясынын жеңүүчүсүнө – 5 млн.сом, эң мыкты райондукуна – 4 млн.сом, эң мыкты айыл округунукуна - 5 млн.сомдон ыйгарылат. Ошондуктан “Стабилдүүлүк жана бакубат жашоо” программасын ишке ашыруу үчүн бардык жетекчилерди сынакка активдүү катышууга чакырам”, – деди Төрөгул Беков.
КР Өкмөтүнүн Аппаратынын
Маалыматтык-саясат бөлүмү