02

Октябрь

2014

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын жетекчиси - министр Нурханбек Момуналиев пенсионерлерди куттуктады

Бүгүн, 1-октябрда, Өкмөт үйүндө Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын жетекчиси - министр Нурханбек Момуналиевдин катышуусунда пенсионерлерди жана ардагерлерди – Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын мурдагы кызматкерлерин карылар күнү менен куттуктоо иш-чарасы орун алды.

Нурханбек Момуналиев белгилегендей, Эл аралык карылар күнүнүн негизги максаты - бизди тарбиялап, жашоо берген улуу муунга карата ар-бир адамдын сыйлоосун, камкордук сезимин ойготуу болуп саналат. «Бул күнү бардык көңүл биздин карыларга, алардын көйгөйүнө бурулуп, алардын жашоо сапатын жакшыртуу боюнча чечимдер кабыл алынат»,- деди Н. Момуналиев.

Өкмөт Аппаратынын жетекчиси быйыл 80 жашка толуп жаткан Константин Иванович Аввакумовду жана Сардарбек Сманкулович Сманкуловду жылуу куттуктап, аларга жана жалпы ардагерлерге чың ден-соолук, узун өмүр, бакубаттуулукту каалады.

Мындан тышкары, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын иштебеген пенсионерлерине материалдык көмөк көрсөтүлдү. Аталган иш-чара концерттик программа менен коштолду.

[su_carousel source="media: 43127,43128,43129,43130,43131" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 42841,42842,42843,42844,42845,42846" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 42533,42526" link="post" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 42526,42533" link="attachment" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 42526" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 41895,41896,41897,41898,41899,41900,41901,41902,41903,41905" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 41466,41467,41468,41469,41470,41471" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_custom_gallery source="media: 33797,33796,33795"][/su_carousel]

КР Өкмөтүнүн Аппаратынын

Маалыматтык камсыздоо бөлүмү