17
Февраль
2015
Өкмөт Аппаратынын Жетекчиси-министр Н. Момуналиев маморгандарга ЖМКдагы жарандардын кайрылуусуна өз убактысында жооп кайтаруу боюнча бир катар тапшырмаларды берди
Бүгүн, 17-февралда, Кыргыз Республикасынын Өкмөт Аппаратынын Жетекчиси-министр Нурханбек Момуналиев мамлекеттик органдарга ЖМКдагы жарандардын мамлекеттик орган кызматкерлери тараптан орун алган укук бузуу фактылары тууралуу кайрылуусуна өз убактысында жооп кайтаруу боюнча бир катар тапшырмаларды берди.
Белгилесек, кечээ Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Жоомарт Оторбаев Нурханбек Момуналиевге жарандардын ЖМК аркылуу кайрылууларына карата мамлекеттик жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жооп кайтаруу сапатын көзөмөлдөөнү тапшырган.
Нурханбек Момуналиев белгилегендей, Өкмөттүн Аппаратында “Жалпыга маалымдоо каражаттарында жайгаштырылган материалдар боюнча жооп кайтаруу регламентин бекитүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн токтом долбоору иштелип чыккан.
Долбоордун негизги максаты – мамлекеттик органдардын иши жана кабыл алынып жаткан чечимдер, ошондой эле алардын жалпыга маалымдоо каражаттарындагы жайгаштырылган материалдарга жооп кайтаруу механизмин оптималдаштыруу болуп саналат.
Долбоор ошондой эле маалыматты өз убактысында жана сапаттуу чогултууга, талдоого жана даярдоого, ЖМКда белгиленген укук бузуу фактылары боюнча чараларды кабыл алууга көмөк берип, көрсөтүлгөн маалымат менен иштөөнүн бирдиктүү тартибин орнотот, ошондой эле коомдук көзөмөлдүн мүмкүндүгүн олуттуу түрдө кеңейтет.
Долбоорго ылайык, ЖМК менен өз-ара аракеттешүү, келип түшкөн кайрылууларды баалоо критерийи үчүн жоопкер жактын жеке жоопкерчилиги каралат. Тактап айтканда, токтом долбооруна ылайык, материалга жооп кайтаруунун негизги критерийи болуп, укук бузуу тууралуу фактынын орун алышы, ошондой эле материалдын коомдук маанилүүлүгү эсептелет.
Белгилей кетчү нерсе, Регламенттин талаптарын Кыргыз Республикасынын бардык министрликтери жана ведомстволору, Өкмөттүн облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрү, Ош жана Бишкек шаарларынын мэрлери тарабынан милдеттүү түрдө аткарылышы каралган.
Аталган долбоор Кыргыз Республикасынын бардык министрлик жана ведомстволоруна макулдашуу үчүн жөнөтүлгөн. Учурда макулдашуу процесси жыйынтыкталуу алдында турат.
Андан соң Премьер-министрдин тапшырмасын аткаруу алкагында Өкмөт Аппаратынын Жетекчиси Нурханбек Момуналиев Кыргыз Республикасынын бардык мамлекеттик аткаруу бийлик органдарынын катышуусунда кеңейтилген жыйын өткөрөт, анда статс-катчыларга жана КР Өкмөтүнүн ыйгарым укуктуу өкүлчүлүк аппарат жетекчилерине ЖМК жайгаштырылган материалдарга өз убактысында жана сапаттуу жооп кайтаруу үчүн жеке жоопкерчилик жүктөлөт.
“Жарандар тарабынан жарыяланган материалдарга өз убагында жана сапаттуу жооп кайтаруу боюнча иш-чаралар Өкмөт тарабынан үзгүлтүксүз негизде жүргүзүлөт, бирок мамлекеттик органдар тарабынан берилген маалыматтардын сапатын жакшыртуу зарыл. Өзгөчө көңүл кайрылуулар эске алынгандыгына эмес, алар боюнча тийиштүү жыйынтыктардын чыгарылышына бурулат. ЧУА иштеп чыгуу биздин күч-аракеттин туруктуулугун камсыздоочу маанилүү звено болуп саналат», — деп белгиледи Нурханбек Момуналиев.
“Аталган тапшырмалар аткарылбаган учурда мамлекеттик орган жетекчисине карата тартиптик мүнөздөгү чара көрүлөт», — деп жыйынтыктады ал.
КР Өкмөтүнүн Аппаратынын
Маалыматтык камсыздоо бөлүмү