23

Октябрь

2014

Мамлекеттик орган жетекчилерине мамлекеттик кызматкерлердин натыйжалуу жана сапаттуу иши үчүн эмгек акысын өз алдынча жогорулатуу укугу берилди

Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Жоомарт Оторбаев Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 22-октябрында № 609-Токтомго кол койду.

Кабыл алынган Токтомго ылайык, мамлекеттик орган жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу орган жетекчилерине бир жыл ичинде эмгек акысын төлөө фондунун үнөмдөлгөн каражатын мамлекеттик, муниципалдык жана тейлөө кызматкерлеринин сапаттуу, жогорку деңгээлде аткарылган иши, кесипкөйлүк жана чыгармачыл демилгеси үчүн шык берүүчү төлөмдөргө багыттоо укугу ыйгарылат. Төлөмдөр кызматкердин иштөө сапатын жана натыйжалуулугун баалоого мүмкүндүк берүүчү так талаптардын негизинде бекитилет.

Бул бюджеттик тармак кызматкерлер тараптан сунушталуучу мамлекеттик тейлөөнүн натыйжалуулугуна жана сапатына багытталган эмгек акысын төлөө тутумун киргизүүгө мүмкүндүк берет.

“Жүргүзүлүп жаткан реформанын башкы максаты Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлеринин эмгек акысын алар тарабынан көрсөтүлүп жаткан тейлөөнүн конкреттүү натыйжаларынан көзкаранды түрдө төлөп берүү тутумун түзүү болуп эсептелет. Мамлекеттик орган жетекчилеринде бош орундарды ээлөө максаты гана болбостон, натыйжалуу иш алып барган кызматкерлерди ишке тартуу шарты да пайда болот”, - деп белгиледи Жоомарт Оторбаев.

Аталган иш-чара 2014-жылдын 20-майында КР Өкмөтүнүн № 167-р буйругу менен бекитилген мамлекеттик башкаруу секторун реформалоо боюнча Жол картасынын алкагында ишке ашырылган.

КР Өкмөтүнүн Аппаратынын

Маалыматтык камсыздоо бөлүмү