04

Июль

2017

«Кыргыз Республикасында натыйжалуу башкаруу» DFID/NSGI программасынын алкагында 12 мамлекеттик кызматкерди окутуу жыйынтыкталды

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппарат жетекчиси-министр Акылбек Осмоналиев «Кыргыз Республикасында натыйжалуу башкаруу» DFID/NSGI программасынын алкагында Өкмөт Аппаратынын жана министрликтер, ведомстволордун кызматкерлеринин арасынан 12 катышуучунун окутуудан өтүүсү тууралуу сертификаттарды тапшырды. Катышуучулар 9 ай аралыгында окутуудан өтүштү.

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппарат жетекчиси-министр Акылбек Осмоналиев Улуу Британиянын Өкмөтүнө, Элчи Робина Орд-Смитке, Борбор Азиядагы DFID  башчысынын орун басары Ника Боулерге, Программанын жетекчиси Алан Вейтсага колдоо көрсөткөндүгү үчүн  ыраазычылыгын билдирип, келечекте прграмманы ишке ашырууда жана мамлекеттик башкарууда реформаларды ийгиликтүү өткөрүүдө ийгиликтерди каалады.

Белгилей кетсек, 2016-жылдын 27-июлунда Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппараты менен Улуу Британиянын Өкмөтүнүн атынан Эл аралык өнүктүрүү боюнча Министрлиги (DFID) жана Улуу Британиянын мамлекеттик башкаруу боюнча  Улуттук мектеби (NSGI) ортосунда өз ара кызматташуу  тууралуу катка кол коюлган. Анда Улуу Британия мамлекеттик башкаруу боюнча Улуттук мектеби мамлекеттик чөйрөдө реформаларды күчөтүү максатында өнөктөштүк жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын кызматкерлеринин дараметин жакшыртууга  колдоо көрсөтүүсү белгиленген.

Улуу Британиянын Өкмөтү Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратына аталган программа аркылуу  Улууу Британиянын мамлекеттик башкаруу боюнча Улуттук мектебин ишке ашырууну көздөйт.

«Программанын катышуучулары башкаруу системасын жакшыртууда,  пландоо жана координациялоодо, келечектүү багыттарды аныктоодо мониторинг жүргүзүү, ошондой эле кызмат көрсөтүүлөрдүн сапатын жана мамлекеттик кызматкерлердин потенциялын көтөрүүдө   практикалык жардамдарды ала алышты», - деп белгиледи Акылбек Осмоналиев. Ал окутуудан алынган  жаңы билим кызматкерлердин келечектеги иштеринде ийгиликтүү колдонуларына ишенимин билдирди.

Ошондой эле «Кыргыз Республикасында натыйжалуу башкаруу» DFID/NSGI долбоорунун кийинки этабын ишке ашыруу сунушу айтылды.

[su_carousel source="media: 98665,98666,98667,98668,98669,98670,98671,98672,98673" limit="100" link="image" title="no"][su_carousel source="media: 98380,98378,98377,98376" limit="100" link="image" title="no"][su_carousel source="media: 97752,97745" limit="100" link="image" title="no"] [su_carousel source="media: 97146,97147,97148,97149,97150,97151,97152,97153,97154,97155,97156,97157,97158,97159,97160,97161,97162,97163,97164" limit="100" link="image" title="no"][su_carousel source="media: 96799,96798,96792,96785,96784,96791,96790,96789,96788,96787,96786,96793,96794,96795,96796,96797" limit="100" link="image" title="no"][su_carousel source="media: 96592,96593,96594,96595" limit="100" link="image" title="no"][su_carousel source="media: 96254,96253,96252,96251,96250,96249,96248,96247,96246,96245,96244,96243,96242,96241,96240,96238,96237,96236,96235,96218,96217,96216,96215,96214,96213,96212,96211,96210,96209,96208,96207,96206,96205,96201,96200,96199,96198,96197,96196,96167,96166,96165,96164,96163,96162,96161,96160,96159,96158,96157,96156,96126,96125,96124,96123,96122,96121,96120,96119,96118,96117,96116,96115,96114,96113,96112,96111,96110,96109,96108,96107,96080,96079,96078,96077,96076,96075,96074,96054,96053,96052,96051,96050,96049,96048,96047,96046" limit="60" link="image" title="no"][su_carousel source="media: 96046,96047,96048,96049,96050,96051,96052,96053,96054,96074,96075,96112,96111,96110,96109,96108,96107,96080,96079,96078,96077,96076,96113,96114,96115,96116,96117,96118,96119,96120,96121,96122,96123,96135,96136,96134,96133,96132,96131,96130,96129,96126,96125,96124,96137,96138,96139,96156,96140,96157,96158,96159,96160,96161,96162,96201,96200,96199,96198,96197,96196,96167,96166,96165,96164,96163,96205,96206,96207,96208,96209,96210,96211,96212,96213,96214,96215,96243,96242,96241,96240,96238,96237,96236,96235,96218,96217,96216,96244,96245,96246,96247,96248,96249,96250,96251,96252,96253,96254" limit="60" link="image" title="no"][su_carousel source="media: 95884,95885,95886,95887,95888,95889,95890,95891,95892,95893,95894,95895,95896,95897,95898,95899,95900,95901,95902" limit="60" link="image" title="no"][su_carousel source="media: 95207,95208,95209,95210,95211,95212" limit="60" link="image" title="no"][/su_carousel]

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын

маалыматтык камсыздоо бөлүмү