07
Январь
Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Сооронбай Жээнбековдун Рождество майрамы менен куттуктоосу
Кыргыз Республикасынын премьер-министри Сооронбай Жээнбеков кыргызстандыктарды Рождество майрамы менен куттуктады.
Төмөндө куттуктоонун текстин келтиребиз:
«Кымбаттуу мекендештер!
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн атынан православдык христиандарды Рождество майрамы менен куттуктайм!
Рождество майрамы адамдарга жакшылыкка болгон ишенимди тартуулап, мээримдүүлүккө жана сабырдуулукка чакырат, жакшы келечекке болгон үмүттү бекемдейт. Жаркын маанай тартуулаган бул майрам мээримдүүлүктүн, рухий тазалыктын , жаңылануунун символу бойдон кала берсин!
Көп улуттуу Кыргызстанда көптөгөн кылымдар бою ар-кыл улуттардын жана диний конфессиялардын өкүлдөрү катарлаш жашап, эмгектенип келүүдө. Бул биздин келечектеги экономикабыздын динамикалуу өнүгүүсүнүн жана жарандардын бакубаттуулугунун жакшырышынын негизи!
Кымбаттуу мекендештер, сиздерге сергектик рухтун күчүн, чаалыкпас дем-күч, бакыт жана сүйүү каалайм!
Бул жаркын күндөр бизге руханий жана адеп-ахлактыкты бекемдөөгө негиз болуп берет.
Ар-бир кыргызстандыктын өз күчүнө жана Кыргызстандын келечегине болгон ишеними күч алып, тынчтык жана ынтымак бекемделсин! Рождество майрамы кут болсун!»
[su_carousel source="media: 87925"][su_carousel source="media: 87678,87677,87676,87675,87674,87673,87672,87671,87670,87669,87668,87667,87666,87665"][su_carousel source="media: 86102,86101,86099,86098,86097"][su_carousel source="media: 86097,86102,86101,86099,86098"][su_carousel source="media: 86102,86101,86099,86098,86097" link="post"][/su_carousel]Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн
Аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмү