21
Ноябрь
2016
Абдыллабек уулу Манас Интелектуалдык менчик жана инновациялар мамлекеттик кызматынын төрагасынын милдетин аткаруудан бошотулду
Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 21-ноябрда кол койгон буйрукка ылайык, Абдыллабек уулу Манас мурда жүктөлгөн Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу интелектуалдык менчик жана инновациялар мамлекеттик кызматынын төрагасынын милдетин аткаруудан бошотулду.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмү