14

Июнь

2015

Абдырахман Маматалиев «Ак-Жол» көзөмөлдөө-өткөрүү пунктунун аймагында унаа токтотуучу жайларды орнотуу маселесин бир жумалык мөөнөттө чечүү тапшырмасын койду

Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри Абдырахман Маматалиев Ысык-Көл облусуна иштиктүү сапар менен жөнөп кетти.

Иш сапардын жүрүшүндө вице-премьер-министр «Ак-Жол» көзөмөлдөө-өткөрүү пунктунун туристтик мезгилге даярдыгын текшерүүгө алды.

Көзөмөлдөө учурунда аныкталгандай, постто “экологиялык чогултуулар” киргизилген соң, аймакка кирүүчү унаалардын, анын ичинде чет элдик унаалардын кирүүсү азайгандыгы байкалган.

Вице-премьер-министр белгилегендей, Кыргызстан туристтик тармакты өнүктүрүүгө багытталган өлкө катары бардык күч-аракетин туристтерди тартуу үчүн жумшоосу керек.

“Учурдагы “экологиялык чогултууларды” жүргүзүү эрежелерин кайрадан карап чыгуу зарыл”, — деген тапшырманы койду вице-премьер-министр.

Ошондой эле Абдырахман Маматалиев Ак-Жол» көзөмөлдөө-өткөрүү пунктунун аймагындагы унаа токтотуучу жайлардын каралбагандыгын сынга алды.

“Кыргыздарда “Эшигин көрүп, төрүнө өт” деген макал бар. Мен мындан биз тууралуу чет элдик туристтер кандай пикирде калып жаткандыгы тууралуу жыйынтык чыгаруудамын. Сооданын тийиштүү жерлерде жүргүзүлбөгөндүгү жана автоунаалар үчүн токтотуучу жайлардын каралбагандыгы сыяктуу маселелердин тез арада көзөмөлгө алынышы кажет”, — деп билдирди вице-премьер-министр жана бир жумалык мөөнөттө алардын чечилиши боюнча так жоопторду берүүнү тапшырды.

Андан соң Абдырахман Маматалиев «Бишкек-Чолпон-Ата» автожол тилкесинде жайгашкан бардык ЖКК постторун көзөмөлдөмөкчү. Анда ЖКК кызматкерлеринин POS-терминалдар менен жабдылышы жана алардын туристтик мезгилге карата даярдык деңгээли текшерилет.

Белгилесек, жолдордогу авариялардын саны кыскартуу жана туристтик мезгил учурундагы айдоочулардын жана жүргүнчүлөрдүн коопсуздугун камсыздоо максатында Өкмөттүн көзөмөлү астында ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдар тарабынан алдын алуучу иш-чаралар жыйындысы ишке ашырылат. Тактап айтканда, автожолдордогу авариялык тилкелерди жоюу, тийиштүү жол белгилерин коюу боюнча чаралар кабыл алынууда, ошондой эле ЖКК тарабынан транспорттук каражаттарды негизсиз токтотуу жана мыйзамсыз каражат алуулар фактысын жоюу тапшырмасы берилген.

Буга катар вице-премьер-министр иш сапарынын алкагында КР ИИМ тарабынан уюштурулган “Укук тартиби жана меймандостук” форумунун ишине катышат жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Жол кыймылы коопсуздугун камсыздоо боюнча комиссиянын көчмө жыйынын өткөрөт.

Сапардын жыйынтыгында Абдырахман Маматалиевдин төрагалыгы астында “1916-жылдын кайгылуу окуяларынын 100 жылдыгы жөнүндө” КР Президентинин Жарлыгын ишке ашыруу максатында 1916-жылкы окуяларга объективдүү тарыхый бааны иштеп чыгуу үчүн иштиктүү топтун кеңешмеси өтөт.

[gallery ids="57494,57495,57496,57497,57498,57499,57500,57501,57502"]  

КР Өкмөтүнүн Аппаратынын

Маалыматтык камсыздоо бөлүмү