30
Июнь
Абдырахман Маматалиев: «Биз Экономикалык кылмыштарга каршы күрөш боюнча мамкызматка карата жарандардын ишенимин калыбына келтирүү үчүн күч-аракет жумшообуз зарыл»
Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри Абдырахман Маматалиев Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Экономикалык кылмыштарга каршы күрөш боюнча мамлекеттик кызмат жетекчилигинин жана кызматкерлеринин катышуусунда жыйын өткөрдү.
Белгилесек, ыкчам иштиктүү кеңешменин өткөрүлүшүнө аталган кызмат өкүлдөрүнүн оор жана өзгөчө оор кылмыштарды жасоого шектелгендиги боюнча кармалган бир катар фактылардын орун алуусу себеп болгон.
“Акыркы 10 күн ичинде Экономикалык кылмыштарга каршы күрөш боюнча мамлекеттик кызматтын 6 кызматкери камакта кармалууда. Бул фактылар Финансы полициясынын органдарын гана уятка калтырбастан, мамлекеттик бийликтин жалпы тутумунун аброюна шек келтирүүдө”, - деди вице-премьер-министр.
Ошондой эле ал белгилегендей, тартип жана көзөмөл боюнча көйгөй бир гана көрсөтүлгөн башкармалыкта эмес, мамкызматтын бардык деңгээлинде жана бардык түзүмдөрүндө орун алган.
“Эмне себептен кызматкерлер арасында тийиштүү тарбия иштери жүргүзүлбөйт, аталган фактылардын алдын алуу жана жоюу боюнча чаралар кабыл алынбайт. Өздүк коопсуздук, кадрдык кызмат, төраганын орун басарлары эмне иш кылууда?», — деп кайрылды мамкызмат жетекчилигине Абдырахман Маматалиев.
Андан соң Экономикалык кылмыштарга каршы күрөш боюнча мамкызмат төрагасынын орун басарларынын, ошондой эле бир катар түзүмдүк подразделениелер жетекчилеринин орун алган фактылар боюнча маалыматы угулду.
Өз кезегинде вице-премьер-министр белгилегендей, Өкмөт Аппаратынын коопсуздук, укук тартиби жана өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнүн башчысы Алик Каримбековдун жетекчилиги астында Экономикалык кылмыштарга каршы күрөш боюнча мамкызмат кызматкерлерин кармоо фактысынын себептерин аныктоо үчүн иштиктүү топ түзүлгөн.
Ыкчам кеңешме жыйынтыгы боюнча вице-премьер-министр тарабынан бир жумалык мөөнөттө кызматтык жактардын тартиптик жоокерчилигин кароо маселеси тапшырылды, мында өзгөчө көңүлдү кызмат ичиндеги жамааттын моралдык-психологиялык абалына буруу жагы да эскертилди.
Абдырахман Маматалиевдин айтымында, тийиштүү маалымат Кыргыз Республикасынын Премьер-министрине сунушталат.
“Мындай фактылар укук коргоо органдарынын аброюна чоң зыян келтирип жатат. Биз Экономикалык кылмыштарга каршы күрөш боюнча мамкызматка карата жарандардын ишенимин калыбына келтирүү үчүн күч-аракет жумшообуз зарыл», — деп жыйынтыктады вице-премьер-министр.
КР Өкмөтүнүн Аппаратынын
Маалыматтык камсыздоо бөлүмү