25

Июнь

2015

Абдырахман Маматалиев ӨКМ караштуу Мамлекеттик өрткө каршы кызмат башкармалыгынын өздүк курамын Нарын облусундагы жаңы имаратты курууга активдүү салым кошкондугу үчүн ыраазычылык билдирди

Нарын облусу боюнча иштиктүү сапары алкагында Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри Абдырахман Маматалиев Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик чекара кызматынын Нарын облусу боюнча башкармалыгына барып, Нарын облусунун Ички иштер башкармалыгынын даярдык деңгээлине баа берди.

Сапар жүрүшүндө вице-премьер-министр белгилегендей, чекаралардын коопсуздугун коргоо - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн башкы милдети болуп саналат жана аскер кызматкерлеринин катарындагы аткаруучулук тартипти бекемдөө тапшырмасын койду.

Нарын облусунун Ички иштер башкармалыгына барууда вице-премьер-министр жайкы каникул учурундагы мектеп окуучуларынын жана өспүрүмдөрдүн коопсуздугун камсыздоого өзгөчө көңүл бурууну жана калк арасында мектепке чейинки, мектеп жашындагы балдарга көзөмөл салууну күчөтүү боюнча түшүндүрүү иштерин жүгүргүзүүнү тапшырды.

Андан соң вице-премьер-министр КР ӨКМ жаңы өрткө каршы имаратынын курулушунун жүрүшүн көзөмөлдөдү.

Вице-премьер-министр кыдыруу учурунда белгилегендей, жаңы имараттын курулушу ӨКМ караштуу Мамлекеттик өрткө каршы кызмат башкармалыгынын өздүк курамынын активдүү катышуусу аркылуу жүргүзүлүүдө.

“Курулуш бүткөрүлгөн соң өздүк курамды өрткө каршы коопсуздукту чыңдоого кошкон салымы үчүн сыйлоо тууралуу сунуш киргизүүнү өтүнөм. Мен сиздердин демилгеңиздерге ыраазычылык билдирем», — деп жыйынтыктады Абдырахман Маматалиев.

КР Өкмөтүнүн Аппаратынын

Маалыматтык камсыздоо бөлүмү