17
Май
2016
Адыл Сапаров Нарын облусунун Жумгал районунун акими болуп дайындалды
Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Сооронбай Жээнбеков 13-майда буйрукка кол койду, ага ылайык, Сапаров Адыл Солтоевич Кыргыз Республикасынын Нарын облусундагы Жумгал районунун мамлекеттик администрациясынын жетекчиси – акими болуп дайындалды.
Аталган чечим Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү мамлекеттик администрациясы жөнүндө» Мыйзамынын 14-беренесине ылайык кабыл алынган.
КР Өкмөтүнүн Аппаратынын
маалыматтык камсыздоо бөлүмү