21

Декабрь

2016

Чүй облусунун Жайыл районунун акими Турусбек Ногоевге катуу сөгүш берилди

Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 21-декабрда, буйрукка кол койду. Ага ылайык, Чүй облусунун Жайыл районунун мамлекеттик администрация жетекчиси (акими) Турусбек Ногоевге катуу сөгүш берилди.

Аталган чечим мамлекеттик администрация жетекчиси Турусбек Ногоевдин ишинде райондогу коомдук-саясый абалды көзөмөлдөө жүргүзүү, укук коргоо органдарынын, министрлик жана административдик ведомстволордун аймактык түзүмдөрүнүн ишин координациялоо жаатында кемчиликтер аныкталгандыгына байланыштуу кабыл алынган. Мындан тышкары, Турусбек Ногоев калк менен иш алып барууда жигерсиздикти көрсөткөн.

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн

Аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмү