03
Август
2016
Алтынбек Эргешов Уюштуруу-инспектордук иштер жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу бөлүмүнүн башчысы кызматынан бошотулду
Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 2-августта, буйрукка кол койду. Ага ылайык Эргешов Алтынбек Калдарович берген арызына байланыштуу Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын Уюштуруу-инспектордук иштер жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу бөлүмүнүн башчысы кызматынан бошотулду.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын
маалыматтык камсыздоо бөлүмү