03
Февраль
2017
Аманкан Кенжебаев Сокулук районунун акими кызматынан бошотулду
Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 2-февралда буйрукка кол койду. Ага ылайык, Кенжебаев Аманкан Батырбекович берген арызына байланыштуу Кыргыз Республикасынын Чүй облусунун Сокулук райондук мамлекеттик администрация башчысы-акими кызматынан бошотулду.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн
Аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмү