05

Декабрь

2017

КР Өкмөтүнүн Аппараты өлкө аэропортуна инвестициялоого кызыкдар «TAV AirportsHolding» компаниясы жана башка компаниялар менен мүмкүн болгон кызматташтык боюнча төмөнкүлөрдү билдирет:

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин үстүбүздөгу жылдын 29-ноябрындагы отурумунда депутат Асылбек уулу Дамирбек суроо узатты: «Эл аралык деңгээлге чыгыш  үчүн «Манас», «Ош» жана «Каракол» аэропортторун өнүктүрүү боюнча кандай долбоорлор бар. Бүгүнкү күндө, өзүнүздөр билесиздер, чет жакка чыгыш үчүт эки багыт -– «Түрк аба каттамдары» жана «Аэрофлот» бар. Айтыңызчы, мамлекеттик жеке өнөктөштүк же инвестициялык ижара боюнча пландар барбы?»

Ага КР Премьер-министри төмөндөгүчө жооп берди:

«Урматтуу депутат, мен тактап кетейин. Бул абдан көйгөйлүү суроо. Кыргызстан географиялык жактан туюк жайгашкан өлкө болуп эсептелет, анткени бизди тоолор курчап турат. Буга байланыштуу бизде чет жакка чыгууда эки гана жол бар: аба жана жол катамдары. Андыктан, бизге бул тармакты өнүктүрүү керек, башка альтернатива жок.

Кыргызстандын жарандарында кайсы компания менен кайда учуу боюнча тандоосу болушу керек. Учурда биз башка өлкөлөргө Москва же Стамбул аркылуу учабыз, анткени, бизде башка тандоо жок. Кайсыл бир өлкөлөргө Алма-Ата аркылуу учабыз. Менин пикиримде, бул туура эмес. Депутат Пирматов дагы бул тема боюнча туура айтты.

Биз өзүбүздүн саясатыбызды кайра карап чыгышыбыз керек. Биз аэропортторубуздү өз күчүбүз менен өнүктүрө албайбыз, биз реалист болушубуз керек. Аэропорттун өзүнүн 4 жылдык программасы бар. Бул Программанын негизинде алынган каражаттар аэропортту өнүктүрүүгө жумшалат. Ооба, туура, алар инфраструктуралык жагын жакшыртып, эскалаторлорду оңдоп, унаа токтотуучу жайларды курушат. Элдерге ыңгайлуу болушу үчүн чек-ара пунктарын көбөйтүп жатышат. Бирок реформа анда эмес да. Реформадагы негизги нерсе – ошол ири компаниялардын артында чоң авиакопаниялардын турганы. Эгерде Кыргызстанга чоң компаниялар келбесе, бизге чоң авиакомпаниялар келбейт. Муну ачык айтыш керек.

Учурда көптөгөн чоң компаниялар Кыргызстанга кызыгып жатышат. Алардын арасында «TAV Airports Holding» компаниясы бар. Биз алар менен сөзсүз сүйлөшүүлөрдү жүргүзөбүз. Бирок муну сиздер, депутаттар, чечесиздер. Бул суроо бышып жетилди, биз сиздерге концессияга берүү керекпи, же жокпу деген суроо менен келебиз. Ошондо сиздер ооба, же жок деп чечишиңер керек. Ошондо биз бул жол менен кетүүгө даяр болобуз».

Ушул эле тема боюнча ЖК депутаты Табылды Тиллаев тарабынан суроо берилди: “Жылына Кыргызстанда жол кырсыгынан 600 жакын адам көз жумуп жатат. Кичинекей Кыргызстан үчүн бул чоң жоготуу. Согушта да мынча адам курман болгон эмес. Андыктан силер аэропортторду жана учактарды модернизациялоо боюнча жумуштарды активдештирүүңөр керек.  Силер айтып жаткан TAV Airports Holding компаниясы буга чейин Кыргызстанга бир нече жолу келген, бирок ички рынокко кире алган эмес. Силер бул суроону изилдөөдө өлкөнүн пайдасы үчүн абдан дыкаат карашыңыздар керек. Мына, америкалык базаны чыгарып жатканда аэропорт чоң чыгашаларга учурайт деп айттык элек. Бирок акыркы жетекчилер 2 млрд. сомдун тегерегинде киреше алышты. Биз аэропортторду өзүбүз өнүктүрөбүзбү, же инвесторлор келеби, кандай болгон күндө дагы сак болушубуз керек”.

ЖК депутатынын суроосуна жооп берип жатып, Сапар Исаков төмөндөгүнү айтты: “Аэропортторду айта турган болсок, биз бул суроону терең изилдеп чыгышыбыз керек. TAV Airports Holding компаниясы болобу же башка компания келеби, биз бул кадамга улуттук кызыкчылыгыбызга жана бүтүндөй өлкөнүн кызыкчылыгына жооп берсе гана барабыз. Бирок бул кадамга барар алдында, биз дагы сиздердин алдыңыздарга макулдашууга келебиз, ансыз болбойт, мыйзам ушундай. Бүгүнкү күндө чечим кабыл алына элек, азырынча сүйлөшүүлөр гана жүрүп жатат. Сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгы натыйжалуу болгондо гана биз кийинки кадамды жасоого даяр болобуз.”

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын

коомчулук жана ЖМК менен байланышуу боюнча бөлүмү