01
Июнь
2016
Аширали Зурдинов берген арызына ылайык Кыргыз мамлекеттик медициналык академиясынын ректору кызматынан бошотулду
Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Сооронбай Жээнбеков Аширали Зурдиновду берген арызына ылайык Кыргыз мамлекеттик медициналык академиясынын ректору кызматынан бошотуу тууралуу буйрукка кол койду.
Белгилей кетсек, Кыргыз мамлекеттик медициналык академиясынын ректорунун милдетин аткаруу КР Билим берүү жана илим министри Эльвира Сариеванын буйругу менен проректор Биримкулов Нурбек Нургазиевичге жүктөлдү.
КР Өкмөтүнүн Аппаратынын
маалыматтык камсыздоо бөлүмү