10
Май
«Делойт и Туш» ЖЧК аудитордук компаниясы Банктарды реорганизациялоо жана карыздарды реструктуризациялоо боюнча агенттикти (ДЕБРА) текшерүүнү жыйынтыктоодо
Учурда «Делойт и Туш» ЖЧК аудитордук компаниясы Банктарды реорганизациялоо жана карыздарды реструктуризациялоо боюнча агенттикти (ДЕБРА), ошондой эле агенттиктин башкаруусу алдындагы банктарды текшерүүнү жыйынтыктоодо.
Аталган биргелешкен иш-чара 2015–2017-жылдарга Эл аралык валюта фонду менен экономикалык жана финансылык саясат жөнүндө меморандумду ишке ашыруу алкагында жүргүзүлүүдө.
ДЕБРА жана анын башкаруусу алдындагы банктарды текшерүүнүн жыйынтыкталышы дээрлик 20 жылдан бери соңуна чыкпай келе жаткан банктардын жоюулушуна карай жасалган дагы бир кадам болуп саналат.
Көйгөйлүү банктарга байланыштуу абалды жөнгө салуу банк тутумуна карата ишенимди чыңдоо жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтү үчүн келечектүү багыт катары саналган банк секторунун бүтүндүгүн сактоо үчүн зарыл.
КР Өкмөтүнүн Аппаратынын
маалыматтык камсыздоо бөлүмү