24
Ноябрь
Япониядан Кыргызстанга алынып келинген радиациялык фону жогору автотранспорт каражаттары дезактивациялоодон өткөрүлөт
Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Сооронбай Жээнбеков Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн токтомуна кол койду. Ага ылайык, Япониядан алынып келинген радиациялык фону жогору автотранспорт каражаттары дезактивациядан өткөрүлүшү тийиш.
Документке ылайык, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик бажы кызматына радиациялык фону жогору автотранспорт каражаттарынын санын тактоо, аларды дезактивациялоо боюнча жумуштарды жүргүзүүнүн планын иштеп чыгуу жана Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги жана Ички иштер министрлиги менен бирдикте «Аламүдүн» пунктунан «Кыргыз турак жай коммунсоюз» мамлекеттик ишканасынын радиоактивдүү калдыктарды көмүүчү пунктуна дейре Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын жана нормаларынын талаптарына ылайык дезактивациялоо үчүн жеткирүүсү керек.
Аталган иштерди аткарууда Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Курчап турган чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы мамлекеттик агенттигине көрсөтүлгөн мамлекеттик органдар тарабынан берилген эсепке ылайык, атайы каражаттардан финансылык каражат бөлүү тапшырылды.
Мында Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигине, Өзгөчө кырдаалдар министрлигине, Курчап турган чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы мамлекеттик агенттигине, Экологиялык жана коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциясына бажы жана чек ара органдары менен биргеликте автотранспорттук каражаттарды дезактивациялоо сапатынын радиациялык көзөмөлүн камсыздоо тапшырылды.
Ошондой эле Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн аталган чечими аркылуу Япониядан Кыргызстанга алынып келген радиациялык фону жогору автотранспорт каражаттарын радиациялык көзөмөлдөө жана дезактивациялоо тууралуу Жобо бекитилген.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн
Аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмү