10
Январь
2017
Айбек Кадыралиев Финансылык чалгындоо мамлекеттик кызматынын төрагасы болуп дайындалды
Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 10-январда, буйрукка кол койду. Ага ылайык, Кадыралиев Айбек Джумабаевич Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Финансылык чалгындоо мамлекеттик кызматынын төрагасы болуп дайындалды.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн
Аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмү