25
Июль
2016
Айбек Кадыралиев КР Өкмөтүнө караштуу Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматтын төрагасы болуп дайындалды
Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 25-июлда, буйрукка кол койду, ага ылайык, Кадыралиев Айбек Жумабаевич Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматынын төрагасы болуп дайындалды.
Бүгүн Айбек Кадыралиевди Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматынын жамаатына Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Сооронбай Жээнбеков тааныштырды.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн
Аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмү