10

Январь

2017

Айбек Кадыралиев Экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматынын төрагасы кызматынан бошотулду

Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 10-январда, буйрукка кол койду. Ага ылайык, Кадыралиев Айбек Джумабаевич башка ишке өткөндүгүнө байланыштуу Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматынын төрагасы кызматынан бошотулду.

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн

Аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмү