11
Июль
2016
Айтмурзаев Нурлан Дикамбаев Казы Дикамбаевич атындагы КР ТИМ Дипломатиялык академиясынын ректору кызматынан бошотулду
Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 11-июлда, буйрукка кол койду, ага ылайык, Айтмурзаев Нурлан Ташмурзаевич берген арызына ылайык, Дикамбаев Казы Дикамбаевич атындагы Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин Дипломатиялык академиясынын ректору кызматынан бошотулду.
Кыргыз Республикасынын
Өкмөтүнүн Аппаратынын
маалыматтык камсыздоо бөлүмү