17

Апрель

2018

Азамат Араев КР Өкмөтүнүн Аппарат жетекчисинин орун басары, Өкмөт Аппаратынын коргоо, укуктук тартип жана өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнүн башчысы болуп дайындалды

Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Сапар Исаков буйрукка кол койду. Ага ылайык Араев Азамат Муратович мурда ээлеген кызматынан бошотулуп, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппарат жетекчисинин орун басары, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын коргоо, укуктук тартип жана өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнүн башчысы болуп дайындалды.

                                                               Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын 

коомчулук жана ЖМК менен байланыш бөлүмү