19
Июль
2016
Азамат Оморов Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу мамлекеттик комитетинин төрагасынын орун басары болуп дайындалды
Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 19-июлда, буйрукка кол койду, ага ылайык, Оморов Азамат Каныбекович Кыргыз Республикасынын Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу мамлекеттик комитетинин төрагасынын орун басары болуп дайындалды.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн
Маалыматтык камсыздоо бөлүмү