15

Июль

2016

Азаматбек Абдыбеков Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча фонд төрагасынын орун басары кызматынан бошотулду

Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Сооронбай Жээнбеков буйрукка кол койду, ага ылайык, Абдыбеков Азаматбек Мелисбекович Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча фонд төрагасынын орун басары кызматынан бошотулду.

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн

Маалыматтык камсыздоо бөлүмү