07

Май

2016

Азис Сапаралиев Геология жана минералдык ресурстар боюнча мамагенттигинин директорунун орун басары болуп дайындалды

Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Сооронбай Жээнбеков буйрукка кол койду, ага ылайык, Сапаралиев Азис Айнабаевич Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Геология жана минералдык ресурстар боюнча мамлекеттик агенттигинин директорунун орун басары болуп дайындалды.

КР Өкмөтүнүн Аппаратынын

маалыматтык камсыздоо бөлүмү