19
Июль
2016
Азис Сапаралиев Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу мамлекеттик комитетинин төрагасынын орун басары болуп дайындалды
Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Сооронбай Жээнбеков кол койгон Буйрукка ылайык, Сапаралиев Азис Айнабаевич мурда ээлеген кызматынан бошотулуп, Кыргыз Республикасынын Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу мамлекеттик комитетинин төрагасынын орун басары болуп дайындалды.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн
Маалыматтык камсыздоо бөлүмү