17
Август
Азиз Канатбек Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик миграция кызматынын статс-катчысы кызматынын милдетин аткаруудан бошотулду
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик миграция кызматынын статс-катчысы кызматынын милдетин аткаруучу Азиз Канатбек Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин 2016-жылдын 17-августундагы №462 буйругунун негизинде Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик миграция кызматынын статс-катчысы кызматынын милдетин аткаруудан бошотулду.
Кыргыз Республикасынын Премьер-министри тарабынан 2016-жылдын 17-августунда Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин 2015-жылдын 30-декабрындагы “Азиз Канатбек жөнүндө” №622 Буйругу күчүн жоготту деп таануу тууралуу чечим кабыл алынган, ага ылайык, статс-катчынын милдетин аткаруу Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик миграция кызматынын төрагасынын кеңешчиси Азиз Канатбекке жүктөлгөн.
Буга чейин Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасы тарабынан, Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин 2015-жылдын 30-декабрындагы №622 “Азиз Канатбек жөнүндө” буйругун Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына карама-каршы келгендигине байланыштуу артка кайтаруу талабы менен протест келтирилген.
Учурда кабыл алынган актылар 2016-жылдын 3-июнунда күчүнө кирген 2016-жылдын 30-майындагы №75 «Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө» Кыргыз Республикасынын жаңы мыйзамына ылайык келтирилүүдө.
Аны менен катар Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык, Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик кадр кызматы тарабынан 2016-жылдын июль айында Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик миграция кызматынын статс-катчысынын бош кызматтык ордун ээлөөгө кайрадан сынак жарыяланган.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын
Маалыматтык камсыздоо бөлүмү