04
Август
2016
Бакир Жолчиев Өкмөттүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн биринчи орун басары кызматынан бошотулду
Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Сооронбай Жээнбеков буйрукка кол койду, ага ылайык, Жолчиев Бакир Дыйканович берген арызынын негизинде Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Кыргыз Республикасынын Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн биринчи орун басары кызматынан бошотулду.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын
Маалыматтык камсыздоо бөлүмү