21
Ноябрь
2016
Бакытбек Адылов Мамлекеттик миграция кызматынын төрагасынын милдетин аткаруудан бошотулду
Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 21-ноябрда буйрукка кол койду. Ага ылайык, Адылов Бакытбек Адылович мурда жүктөлгөн Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик миграция кызматынын төрагасынын милдетин аткаруудан бошотулду.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын
Маалыматтык камсыздоо бөлүмү