09
Август
2016
Баратбек Сыдыкназаров Кара-Буура районунун акими болуп дайындалды
Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Сооронбай Жээнбеков буйрукка кол койду. “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жөнүндө” Кыргыз Республикасынын мыйзамынын 14-беренесине ылайык Сыдыкназаров Баратбек Жалалбекович мурда ээлеген кызматынан бошотулуп, Кара-Буура районунун мамлекеттик администрация башчысы-акими болуп дайындалды.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмү