05

Январь

2017

Болот Жусуев Экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциянын директорунун орун басары болуп дайындалды

Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Сооронбай Жээнбеков буйрукка кол койду. Ага ылайык, Жусуев Болот Аманович Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциянын директорунун орун басары болуп дайындалды.

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн

Аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмү