23
Ноябрь
2017
Болсунбек Казаков Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча фондунун төрагасы милдетин аткаруудан бошотулду
Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Сапар Исаков буйрукка кол койду, ага ылайык, Казаков Болсунбек Күмүшбекович Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча фондунун төрагасы милдетин аткаруудан бошотулду.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын
коомчулук жана ЖМК менен байланышуу боюнча бөлүмү