19

Январь

2017

Кыйраган «Боинг-747» учагынын «кара ящиктери» Москвага чечмелөө үчүн жөнөтүлдү

Чүй облусунун Сокулук районунун Дачи Су айылында кыйраган «Боинг-747» учагынын «кара ящиктери» бүгүн, 19-январда, Россия Федерациясынын Москва шаарына чечмелөө үчүн жөнөтүлдү.

Эл аралык авиациялык комитеттин (ЭАК) адистери авиациялык кырсыктын себептерин аныктоо үчүн учактын кутучаларынын маалыматтарын тийиштүү иликтөөдөн өткөрүшөт.

Эске салсак, 16-январда «Манас» эл аралык аэропортуна жакын жерде, Чүй облусунун Сокулук районунун Дачи Су айылында «Боинг-747» аба учагы авиа кырсыкка кабылган. Жыйынтыгында 38 жаран каза болуп, анын ичинде 34ү – Кыргыз Республикасынын жарандары, 4ү Түркия Республикасынын жарандары (экипаж мүчөлөрү) болгон.

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн

Аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмү