20
Январь
«Боинг-747» авиакырсыгынын себептерин иликтөө боюнча Өкмөттүк комиссиянын мүчөлөрү кырсыктын натыйжасында каза болгондордун туугандарына жана жабыркагандарга көмөк көрсөтүү жана анын кесепетт
Кыргыз Республикасынын биринчи вице-премьер-министри Мухамметкалый Абулгазиев жетекчилик кылган, курамына Өзгөчө кырдаалдар министри Кубатбек Боронов, Саламаттык сактоо министри Талантбек Батыралиев, Транспорт жана жолдор министри Жамшитбек Калилов, Өкмөттүн Чүй облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Бактыбек Кудайбергенов, ошондой эле ички иштер министринин орун басары Алмазбек Орозалиев, «Улуттук энергетикалык холдинг компаниясы» ААК Башкармалыгынын төрагасы Айбек Калиев жана «Манас» Эл аралык аэропорту» ААК Башкармалыгынын төрагасы Эмир Чукуев кирген «Боинг-747» авиакырсыгынын себептерин иликтөө боюнча Өкмөттүк комиссиянын мүчөлөрү бүгүн, 19-январда, кырсыктын натыйжасында каза болгондордун туугандарына жана жабыркагандарга көмөк көрсөтүү жана анын кесепеттерин жоюу боюнча иштердин жүрүшү тууралуу басма сөз жыйынын өткөрүштү.
Биринчи вице-премьер-министр Мухамметкалый Абулгазиев өзгөчө кырдаалдын толук хронологиясын баяндады.
«Гонконг-Бишкек-Стамбул» авиакаттамы аркылуу багыт алган «Боинг-747» жүк ташуучу учагы 16-январда, жергиликтүү саат 07:17де «Манас» Эл аралык аэропортуна жакын Чүй облусунун Сокулук районуна караштуу Дачи СУ айылында кырсыкка учураган.
Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаевдин тапшырмасы боюнча кырсыктын себептерин иликтөө боюнча биринчи вице-премьер-министр жетекчилик кылган өкмөттүк комиссия түзүлгөн.
Кыргыз Республикасынын Президентинин Жарлыгы менен 17-январь авиакырсыктан каза болгондорду эскерүүчү Аза күтүү күнү катары жарыяланган.
Өкмөттүк комиссиянын ишинин алкагында Өзгөчө кырдаалдар министринин орун басары Калыс Ахматов жетекчилик кылган бардык күч структураларынын өкүлдөрү кирген ыкчам штаб түзүлгөн.
Ыкчам штаб аркылуу кырсык болгон жерде куткаруу-издөө иштери башталган. Кырсык орун алган жердин аянты 5,4 гектарды түзгөн.
Авиакырсыктын натыйжасында 38 адам каза болуп, анын 4ү — учак экипажынын мүчөлөрү. 19 үй толугу менен талкаланган, 7 үй жана 12 чарба курулуштары жарым-жартылай ураган.
Кыргыз Республикасынын Президенти жана Өкмөтү тарабынан каза болгондордун туугандарына тийиштүү түрдө, 100 миң жана 70 миң сом көлөмүндө алгачкы материалдык көмөк көрсөтүлгөн.
Ошондой эле Өкмөт тараптан сөөктөрдү кичи мекенине жеткирүүдө жана коштошуу зыйнатын өткөрүүдө көмөк көрсөтүлгөн.
Мындан тышкары, каза болгондордун жакындарын жана жабыркагандарды Бишкек шаарындагы «Семетей» мейманканасына убактылуу жайгаштыруу чечими кабыл алынган.
Биринчи вице-премьер-министр Мухамметкалый Абулгазиев өкмөттүк комиссиянын атынан авиакырсыктын натыйжасында каза болгондордун жакындарына жана жабыркагандарга материалдык жана гуманитардык көмөк көрсөткөн өлкө жарандарына, ишкерлерге жана мамлекеттик органдарга ыраазычылык билдирди.
Кырсык себептерин иликтөө максатында 17-январда Бишкек шаарына Эл аралык авиациялык комитеттин (ЭАК) адистери келген, анын курамына Россия, АКШ жана Кыргызстандын өкүлдөрү кирген.
«Боинг-747» учагынын «кара ящиктери» бүгүн, 19-январда, Россия Федерациясынын Москва шаарына чечмелөө үчүн жөнөтүлдү.
Биринчи вице-премьер-министр Мухамметкалый Абулгазиев маалымдагандай, ЭАК төрагасы менен иликтөөнүн жүрүшү тууралуу мезгил-мезгили менен маалымат берип туруу жөнүндө макулдашуу бар.
Иштин жыйынтыгы боюнча ЭАК тараптан тийиштүү баа берилип, кырсыкка тийиштүү жактардын күнөөсү аныкталат.
Басма сөз жыйынынын жүрүшүндө белгиленгендей, авиакырсык болгон жердеги куткаруу-издөө иштери жыйынтыкталган.
Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалыматы боюнча, техникалык коммиссиянын жана ЭАК өкүлдөрүнүн иши жыйынтыкталган соң, кырсык болгон аймактагы кесепеттерди жоюу иштери башталат.
Кырсык болгон дачаны түрттүрүү тууралуу журналисттин суроосуна Мухамметкалый Абулгазиев жооп берип, учурда ал маселе турбагандыгын билдирди.
Акыркы маалыматтар боюнча, КР ӨКМ атайы эсебине авиакырсыктан жабыркагандарга көмөк иретинде 10,5 млн сом келип түшкөн.
Белгиленгендей, финансылык жана гуманитардык көмөктөрдү бөлүштүрүү борбордоштурулган түрдө акыйкаттуулук негизинде ар-бир жабырданучунун жеке абалын эске алуу менен жүргүзүлмөкчү.
[su_carousel source="media: 88643,88642,88641,88640,88639,88638,88637,88636,88635,88634"][su_carousel source="media: 87678,87677,87676,87675,87674,87673,87672,87671,87670,87669,87668,87667,87666,87665"][su_carousel source="media: 86102,86101,86099,86098,86097"][su_carousel source="media: 86097,86102,86101,86099,86098"][su_carousel source="media: 86102,86101,86099,86098,86097" link="post"][/su_carousel]
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн
Аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмү