02

Февраль

2017

Чынара Мамидинова Юстиция министрлигинин статс-катчысы кызматынан бошотулду

Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Сооронбай Жээнбеков Кыргыз Республикасынын «Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө» Мыйзамынын 47-беренесинин 1-бөлүгүнүн 9-пунктуна ылайык буйрукка кол койду. Ага ылайык, Мамидинова Чынара Кудайбердиевна Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин статс-катчысы кызматынан бошотулду.

Белгилүү болгондой, ага Кыргыз Республикасынын Юстиция министринин 2017-жылдын 30-январындагы сунушу негиз болгон.

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн

Аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмү