29

Август

2016

Кыргызстанга каза болгондордун сөөгүн алып келүүчү атайын борт бүгүн 29-августта, күндүн экинчи жарымында Москвадан учат

Бүгүн 29-августта, күндүн экинчи жарымында Москвадан  Кыргызстанга Москва-Ош-Бишкек маршруту боюнча  каза болгондордун сөөгүн атайын борт менен  алынып келинет.

Маалым болгондой, Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри Гүлмира Кудайбердиева башында турган жумушчу топтун курамында КР Өзгөчө кырдаалдар министри Кубатбек Боронов, Саламаттык сактоо министрлигинин жана Мамлекеттик миграция кызматынын өкүлдөрү, курман болгондордун жакындарына жана туугандарына көмөк көрсөтүү үчүн дарыгерлер, психологдордор кечээ 28-августта Москва шаарына учуп кеткен.

Кечээ Москвага учуп баргандар Россия Федерациясынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин өкүлдөрү менен жолугушуу өткөрүп, каза болгондордун сөөгүн алып кетүү үчүн уруксат берүүчү документтерди бүтүрүүгө көмөк көрсөтүү процесси жыйынтыкталды.

Ошондой эле Кыргыз Республикасынын Россия Федерациясындагы элчилигинде вице-премьер-министр Гүлмира Кудайбердиева башында турган жумушчу тобу каза болгондордун сөөгүн Кыргызстанга алып келүү жана алардын бир туугандарына, жакындарына жардам берүү боюнча жумушчу жыйын өткөрдү.

Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаевдин тапшырмасы менен бөлүнгөн борт Москва-Ош-Бишкек маршруту боюнча конот. Ош жана Жалал-Абад облусунун тургундарынын сөөгү Ош шаарынын ӨКМ кызматкерлери тарабынан, ал эми Чүй жана Ысык-Көл облусунун тургундарынын сөөгү Бишкек шаарынан  ӨКМ өкүлдөрү тарабынан акыркы сапарга узатуу үчүн жакындарына берилет.

Кечээ каза болгондордун жакындарынын тизмеси түзүлүп, алар да бүгүн атайын борт менен мекенине келишет.

Эскерте кетсек, Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри Гүлмира Кудайбердиева башында турган өкмөттүк штаб 27-августта Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Сооронбай Жээнбековдун чечими менен түзүлгөн. Каза болгондордун сөөгүн Кыргызстага алып келүү жана акыркы сапарга узатуу боюнча бардык чыгымдарына тийиштүү маселелер Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан чечилет.

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын

маалыматтык камсыздоо бөлүмү