29
Август
Кыргызстанга каза болгондордун сөөгүн алып келүүчү атайы борт Москва шаарынан учуп чыкты
Каза болгондордун сөөгүн алып келүүчү атайы борт туугандарынын жана вице-премьер-министр Гүлмира Кудайбердиева башында турган КР Өкмөтүнүн Жумушчу тобунун коштоосунда Москва шаарынан Кыргызстанга бүгүн, 29-августта, Бишкек убактысы боюнча саат 17.00дө Москва-Ош-Бишкек багыты боюнча учуп чыкты.
Ош жана Жалал-Абад облусунун тургундарынын сөөгү Кыргызстан ӨКМ өкүлдөрү тарабынан Ош шаарына жеткирилип, акыркы сапарга узатуу үчүн жакындарына берилет, ал эми Чүй жана Ысык-Көл облусунун тургундарынын сөөгү Бишкек шаарынан туугандарына берилет.
Белгилесек, Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри Гүлмира Кудайбердиева башында турган жумушчу топтун курамында КР Өзгөчө кырдаалдар министри Кубатбек Боронов, Саламаттык сактоо министрлигинин жана Мамлекеттик миграция кызматынын өкүлдөрү, курман болгондордун жакындарына жана туугандарына көмөк көрсөтүү үчүн дарыгерлер, психологдордор кечээ, 28-августта Москва шаарына учуп кеткен.
Эскерте кетсек, Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри Гүлмира Кудайбердиева башында турган Москва шаарында каза болгондордун жакындарына жана туугандарына көмөк көрөтүү боюнча өкмөттүк штаб кечээ, 28-августта Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Сооронбай Жээнбековдун чечими менен түзүлгөн. Каза болгондордун сөөгүн Кыргызстанга алып келүү жана акыркы сапарга узатуу боюнча бардык чыгымдарына тийиштүү маселелер Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан чечилет.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын
маалыматтык камсыздоо бөлүмү