21

Апрель

2016

Дамир Сагынбаев Өкмөттүн Аппаратынын коргоо, укук тартиби жана өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнүн башчысы болуп дайындалды

Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Сооронбай Жээнбеков буйрукка кол койду. Ага ылайык, Дамир Казакович Сагынбаев мурдагы ээлеген кызматынан бошотулуп, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын коргоо, укук тартиби жана өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнүн башчысы болуп дайындалды.

КР Өкмөтүнүн Аппаратынын

маалыматтык камсыздоо бөлүмү