03
Февраль
Өмүрбек Текебаевдин ЕЭКтеги ар-кыл кызматтарга дайындалган Кыргызстан жарандарына тийиштүү маалымат чындыкка жатпайт
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты Өмүрбек Текебаевдин Евразиялык экономикалык комиссиядагы ар-кыл кызматтарга дайындалган Кыргызстан жарандарына тийиштүү маалымат чындыкка жатпайт.
Тактап айтканда, Данияр Турусбеков КР Президентинин жана Өкмөтүнүн Иш башкармалыгынын башкаруучусу Туруспек Коеналиевдин уулу болуп саналбайт. ЕЭК протоколдор департаментинин директору болуп дайындалган Данияр Турусбеков Чыгыш-Жер ортолук деңиз университетин (Кипр), Кыргыз Республикасынын Президентике караштуу Башкаруу академиясын жана Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин Дипломатиялык академиясын аяктаган. Аталган кызматка дайындалганга чейин ал Бишкек мэриясынын экономикалык өнүгүү башкармалыгында, КР Президентинин жана Өкмөтүнүн Иш башкармалыгында, Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратынын протоколдук секторунда иштеп, Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратынын тышкы саясат бөлүмүнүн эксперти болгон.
Илья Черныйдын да аталган ишкананын акция ээлерине тийиштиги жок. Евразиялык экономикалык комиссиясынын кызматына дайындалганга чейин ал Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик мүлк комитетине караштуу түз инвестицияларды тартуу борборунда иштеген, Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик мүлк комитетинин Төрагасынын кеңешчиси, Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратынын финансы-экономикалык анализ жана мониторингди өнүктүрүү бөлүмүнүн башчысынын орун басары болгон.
Данияр Турусбеков жана Илья Черный ошондой эле Паиза Суюмбаева дагы ЕЭК кызматына эл аралык уюм өткөргөн сынактын тандоосу менен дайындалган. Белгилей кетсек, талапкерлерди кызматка дайындоо чечими ЕЭК белгиленген талаптарына ылайык жана ЕЭК коллегиясынын мүчөлөрүнүн көпчүлүк добушу менен кабыл алынат.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн
Аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмү