28

Октябрь

2017

Дайыр Кенекеев Өкмөттүн Талас облусундагы өкүлү кызматынан бошотулду

Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Сапар Исаков буйрукка кол койду, ага ылайык Кенекеев Дайыр Атакулович башка ишке өткөндүгүнө байланыштуу Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Талас облусундагы ыйгырым укуктуу өкүлү кызматынан бошотулду.

Өкмөттүн Талас облусундагы ыйгырым укуктуу өкүлү кызматын убактылуу аткаруу биринчи орун басар Чолпонкул Төрөкуловго жүктөлдү.

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмүнүн башчысы