25
Ноябрь
КР делегациясы транспорт туруктуулугу боюнча глобалдык коференцияга катышат
Кыргыз Республикасынын Биринчи вице-премьер-министри Мухамметкалый Абулгазиев жетектеген Кыргыз Республикасынын делегациясы 26-27-ноябрда, Туркмөнстан Республикасынын Ашхабад шаарында өтүүчү транспорт туруктуулугу боюнча глобалдык конференцияга катышат.
Конференцияда 2030-жылга чейин күн тартибиндеги глобалдык тармактарды өнүктүрүү программасынын алкагында туруктуу транспорттук системаны өнүктүрүүдө эл аралык өнөктөштүктүн конкреттүү багыттары боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү маселелери талкууланат.
Делегациянын курамында: Кыргыз Республикасынын Түркмөнстандагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Жаныш Рустенбеков, Кыргыз Республикасынын Транспорт жана жолдор министри Жамшитбек Калилов жана Кыргыз Республикасынын Транспорт жана жолдор министрлигине караштуу Жарандык авиация агенттигинин директору Курманбек Акышев бар.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн
Аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмү