01
Октябрь
Кыргыз Республикасынын делегациясы кыргыз-өзбек чекара кызматташтыгын өнүктүрүү боюнча иш-чараларга катышат
Биринчи вице-премьер-министр Мухамметкалый Абулгазиев баштаган Кыргыз Республикасынын делегациясы бүгүн, 1-октябрда, өзбек тараптын чакыруусу боюнча Өзбекстан Республикасынын Анжиян шаарындагы кыргыз-өзбек чекара кызматташтыгын өнүктүрүү боюнча иш-чараларга катышат.
Иш-чара алкагында кыргыз делегациясынын өкүлдөрү Анжиян облусунун Ходжаабад районунун №10-мектебине, Анжиян мамекеттик университетине, Анжиян шаарындагы Достук үйүнө, темир жол вокзалынын жаңы имаратына жана Асака шаарындагы автомобиль заводуна барышат.
Кыргыз делегациясынын курамына Өзбекстандагы КР Толук жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Данияр Сыдыков, Ош облусундагы Өкмөттүн Ыйгарым укуктуу өкүлү Таалайбек Сарыбашов, Баткен облусундагы Өкмөттүн Ыйгарым укуктуу өкүлү Абиш Халмурзаев, Жалал-Абад облусундагы Өкмөттүн Ыйгарым укуктуу өкүлүнүн биринчи орун басары Мамасалы Акматов, Ош шаарынын мэри Айтмамат Кадырбаев, Өкмөт Аппаратынын, Тышкы иштер министрлигинин өкүлдөрү, аксакалдар, маданий ишмерлер, Ош, Баткен жана Жалал-Абад облустарынын жергиликтүү өз алдынча башкаруу жана спорт органдарынын өкүлдөрү кирген.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн
Аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмү