02
Декабрь
Кыргыз Республикасынын делегациясы кыргыз-казак чек арасындагы абалды жөнгө салуудагы сүйлөшүүлөрдү улантуу үчүн Астанага учуп кетет
Вице-премьер-министр Толкунбек Абдыгулов башында турган Кыргыз Республикасынын делегациясы бүгүн, 1-декабрда, казак тарап менен кыргыз-казак мамлекеттик чек арасындагы абалды жөнгө салуудагы “жол карта” долбоору боюнча сүйлөшүүлөрдү улантуу үчүн Казакстан Республикасынын Астана шаарына учуп кетет.
Сүйлөшүүлөр кечээ Минск шаарындагы Жамааттык коопсуздук келишим уюмунун мааракелик жыйыны алкагында Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков менен Казакстан Республикасынын Президенти Нурсултан Назарбаевдин жолугушуусунун жүрүшүндө жетишилген макулдашууларды ишке ашыруу максатында өтөт.
Кыргыз Республикасынын делегациясынын курамында КР Өкмөтүнүн Аппаратынын Жетекчисинин орун басары, КР ЕАЭБдеги өкүлү Санжар Уметалиев, экономика министри Артем Новиков, тышкы иштер министринин орун басары Эмил Кайкиев, Транспорт жана жол министрлигинин стат-катчысынын милдетин аткаруучу Эрмек Мамыркалиев, Мамлекеттик бажы кызматынын төрагасы Азамат Сулайманов, Экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматтын төрагасы Замирбек Осмонов, Мамлекеттик салык кызматынын төрагасы Октябрь Абдыкаимов, Ветеринардык жана фитосанитардык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциянын директору Калысбек Жумаканов, Мамлекеттик чек ара кызматынын төрагасынын биринчи орун басарынын милдетин аткаруучу Кубатбек Жээнбаев жана КР Өкмөтүнүн Аппаратынын транспорт, курулуш жана коммуникациялар бөлүмүнүн башчысы Гүлмира Абдралиева бар.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын
коомчулук жана ЖМК менен байланышуу боюнча бөлүмү